Айыл чарбасына 5,4 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

 Айыл чарбасына 5,4 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

Жыл башынан бери Кыргызстанда “Айыл чарбасын каржылоо – 14” долбоорунун алкагында 8 миң 256 жеңилдетилген насыя берилди.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, жалпы берилген насыянын көлөмү 5 млрд 448 млн сомду түздү. Каражат айыл чарба тармагын колдоого багытталган.

Анын ичинен мал чарбасына 4 млрд 939 млн сом, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 445,2 млн сом жана суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө 63,3 млн сом бөлүндү.

Насыялар “АБанк” жана “Элдик Банк” аркылуу жылына 6 пайыздык үстөк менен, 36 айга чейинки мөөнөткө берилет.

Связанный пост