“Айыл чарбасын каржылоо-12”: Айылдык товар өндүрүүчүлөргө 937,2 млн. сом жеңилдетилген кредит берилди
“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөргө 937,2 млн. сом жеңилдетилген кредит берилди. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
2024 – жылдын 11 – апрелине карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорун ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд. сом суммасын түзүүдө. 2024-жылдын 11-апрелине карата бул Долбоордун алкагында республиканын 2 262 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 937,2 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген, анын ичинде:
– “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 91,8 млн. сом суммасында 273 субъектти түзөт;
– “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 845,4 млн. сом суммасында 1 989 субъектти түзөт.
2024 – жылдын 11 – апрелине карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат.
(млн. сом)
№ | Берилген кредиттердин саны | Долбоорду өздөштүрүү суммасы | |
Республика боюнча бардыгы | 2 262 | 937,2 | |
1 | Чүй облусу | 384 | 152,9 |
2 | Ысык-Көл облусу | 287 | 104,3 |
3 | Талас облусу | 182 | 76,4 |
4 | Нарын облусу | 340 | 140,1 |
5 | Жалал-Абад облусу | 569 | 244,8 |
6 | Ош облусу | 379 | 166,6 |
7 | Баткен облусу | 121 | 52,1 |