“Айыл чарбасын каржылоо-12”: Айылдык товар өндүрүүчүлөргө 937,2 млн. сом жеңилдетилген кредит берилди

 “Айыл чарбасын каржылоо-12”: Айылдык товар өндүрүүчүлөргө 937,2 млн. сом жеңилдетилген кредит берилди

“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөргө 937,2 млн. сом жеңилдетилген кредит берилди. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

2024 – жылдын 11 – апрелине карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорун ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд. сом суммасын түзүүдө. 2024-жылдын 11-апрелине карата бул Долбоордун алкагында республиканын  2 262 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 937,2 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген, анын ичинде:

– “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 91,8 млн. сом суммасында 273 субъектти түзөт;

– “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 845,4 млн. сом суммасында 1 989 субъектти түзөт.

2024 – жылдын 11 – апрелине карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат.

 (млн. сом)

  Берилген кредиттердин саны Долбоорду өздөштүрүү суммасы
Республика боюнча бардыгы 2 262 937,2
1 Чүй облусу 384 152,9
2 Ысык-Көл облусу 287 104,3
3 Талас облусу 182 76,4
4 Нарын облусу 340 140,1
5 Жалал-Абад облусу 569 244,8
6 Ош облусу 379 166,6
7 Баткен облусу 121 52,1

 

 

Связанный пост