Аймактарда көтөрүлгөн 16 миңден ашык көйгөйдүн 9,5 миңи чечилди
Кыргызстандын аймактарында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн тургундар менен жолугушууларында жалпы 16 миң 29 маселе көтөрүлгөн. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев республикалык кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, жолугушуулар 278 калктуу конушта, 230 айыл аймактарынын жана 34 шаардын тургундары менен өткөрүлгөн.
Кайрылуулардын 11 миң 703ү жергиликтүү бийлик органдарынын компетенциясына тиешелүү болуп, анын 9 миң 552си чечилген. Дагы 2 миң 121 маселе министрликтерге жана ведомстволорго, 1 миң 449у укук коргоо жана сот органдарына жөнөтүлгөн.
“Ошол эле учурда 2026-жылдын 9 айындагы мониторинг айрым жергиликтүү бийлик органдарынын ишинде кемчиликтер бар экенин көрсөткөн. Тактап айтканда, айрым райондордо иш пландары так түзүлгөн эмес, пландалган иштер аткарылбай калган жана документтерди өз убагында аткаруу талаптары бузулган”, – деди ал.
Мындан тышкары, бир катар айыл өкмөттөрүндө кадр жетишсиздиги, кызмат орундарын толтурууда жана кызматкерлерди дайындоодо мыйзам бузуулар аныкталган.
Мисалы, Күрпүлдөк айыл өкмөтүндө жетекчинин орду 2025-жылдын май айынан бери бош турган. Өзгөн районунда 14 бош кызмат орду алты айдан ашык убакыттан бери толтурулган эмес.