Адис: Мектепте акча чогултуу демилгесин көтөргөн ата-энелер да жооп берет
Кыргызстандын мектептеринде окуучулардан жана ата-энелерден негизсиз акча каражатын чогултууга тыюу салынат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин Укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Дүйшөн Акимжанов билдирди.
Анын айтымында, мектеп жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталса, Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчилик каралган.
“Ошондой эле акча чогултуу демилгеси ата-энелер тарабынан көтөрүлгөн учурда да мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик каралат”, – деди ал.
Белгилей кетсек, мектептерде негизсиз акча чогултууга президенттин 2023-жылдын 26-майындагы №136 жарлыгы жана “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын 48-беренеси менен тыюу салынган.