КР ТИМ башчысы КЭРнын элчиси менен жолукту

 КР ТИМ башчысы КЭРнын элчиси менен жолукту

5-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ду Дэвэньди кабыл алды.
Жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-кытай мамилелерин бекемдөө, соода-экономикалык кызматташтыкты жигердендирүү, КЭРдин Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери боюнча пикир алмашты.

Министр Ж.Кулубаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун иш жүзүнө ашыруунун практикалык чараларынын маанилүүлүгүн, жолдун келечегин жана аймактагы өз ара байланыштуулукту күчөтүүчү бийик транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Ошондой эле көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин ылайыкташтыруу, Кыргыз Республикасынан айыл чарба азыктарын КЭРге экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү боюнча маселелер жана пландар талкууланды.

Көп тараптуу кызматташууда алдыдагы ШКУнун саммитинин жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагындагы жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүүнү сүйлөштү.
Жолугушуу достук маанайда өттү

Связанный пост