Нурланбек Шакиев: Эгемендүүлүк алган жылдардагы кыйынчылыктарда Аскар Акаевдин күнөөсү чоң болгон

 Нурланбек Шакиев: Эгемендүүлүк алган жылдардагы кыйынчылыктарда Аскар Акаевдин күнөөсү чоң болгон

Жогорку Кеңештин жыйынында Аскар Акаевдин убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызы каралып, депутаттар аны четке какты. Бул тууралуу коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Төрага Нурланбек Шакиев аталган маселе боюнча коомчулукта ар кандай талкуулар жүрүп жатканын белгилеп: “Айрыкча жарандар бул арыз боюнча депутаттар кандай чечим кылат деп күтүп жатышты. Бирок мен буга чейин да, бүгүн да добуш берүүгө эч кандай таасирим тийбесин деген ойдо пикиримди айткан жокмун”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле эгемендүүлүк алган жылдарда өлкөбүз көптөгөн кыйынчылыктарга тушукканын айткан Төрага: “Жасалган иштердин жакшысынан жаманы арбын болду. Мында биринчи президент катары Аскар Акаевдин күнөөсү чоң экени анык”, – деди.

Мындан тышкары, Аксы районунан шайланган эл өкүлү катары аксылыктардын аталган маселеге карата катуу тынчсызданып жатканын кеп кылган Нурланбек Шакиев: “Парламент туура чечим кабыл алдык деген ойдомун. Эми буга тарых жана эл өз баасын берет”, – деген пикирин билдирди.

Связанный пост