Бакыт Төрөбаев: АЧК долбоору жабылат

 Бакыт Төрөбаев: АЧК долбоору жабылат

“Айыл чарбасын каржылоо” (АЧК) долбоору кийинки жылдан тарта жабылат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтуусунда, 2025-жылдан тарта жеңилдетилген насыялар жалаң гана кооперативдерге берилет.

“Аларга кулач жаюу үчүн министрлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт”, – деди Төрөбаев.

Связанный пост