Жалал-Абадда дагы эки мамлекеттик дарыкана ачылды

 Жалал-Абадда дагы эки мамлекеттик дарыкана ачылды
“Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда жана Сузак районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ачылып, тургундарга арзан баада дары-дармек сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Дарыканаларда маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген 1500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат. Мамлекеттик аптекаларды ачуунун негизги максаты – калктын жеткиликтүү дары менен камсыздоо маселелерин чечүү.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунда 2023-жылы Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында, Базар-Коргон, Ноокен, Кочкор-Ата жана Токтогул шаарларындагы Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалары ачылган. Республика боюнча жалпысынан 55 мамлекеттик дарыкана иштейт.

Связанный пост