Нарында Президент берген 270 млн сомго техникалар алынууда

 Нарында Президент берген 270 млн сомго техникалар алынууда

Нарында Президент берген 270 млн сомго техникалар алынууда. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Нарын облусундагы 27 ирилештирилген айыл өкмөтүн колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан Нива үлгүсүндөгү автоунаалар жана ар бир айыл өкмөткө өнүктүрүү үчүн 10 миллион сомдон каражат берилген. Учурда ушул каражатка айыл өкмөттөрүнө зарыл болгон техникалар алынууда.

Алсак, бүгүнкү күнгө чейин Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнө 1 погрузчик, 1 самосвал КАМАЗ, Жан-Булак айыл өкмөтүнө 1 погрузчик, 1 трактор, 1 силос жыйноочу техника, Миң-Булак айыл өкмөтүнө темир тор түйүүчү, токуучу, зым кесүүчү, престөөчү, зым керүүчү жана жүк көтөрүүчү техникалар жана 1 трансформатор алынды.

Башка айыл өкмөттөргө дагы зарыл болгон техникаларды алып келүү иштери жүрүп жатат.

Связанный пост