Акылбек Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары менен бирге “Россия” эл аралык көргөзмө-форумуна барды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Москва шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары менен бирге Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн (ЭЧЖК — ВДНХ) көргөзмө комплексиндеги “Россия” эл аралык көргөзмө-форумуна барды.
Алар көргөзмөгө коюлган экспонаттар менен таанышып чыкты, ошондой эле “Россиянын жетишкендиктеринин галереясы” комплексинде болушту.
Мындан тышкары, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында ВДНХ көргөзмө комплексинде сүрөткө түшүү аземи болуп өттү.