Былтыркыга салыштырмалуу быйыл Европа менен Борбор Азияда кызамык оорусу 3 миң % өстү
Былтыркыга салыштырмалуу быйыл Европа менен Борбор Азияда кызамык оорусу 3000 % өстү. ЮНИСЕФ аймактарда балдарды эмдөө менен камтуунун азайышынан улам кызамык оруусу көбөйүп жатканын эскертет
2023-жылдын январынан 5-декабрына чейин Европа менен Борбордук Азияда 30 601 кызамык оорусунун тастыкталган учурлары катталган. Былтыры, аймак боюнча 909 гана учур катталганын эске алсак, бул вакцина менен алдын алууга мүмкүн болгон оору учурларынын саны 3,266 пайыз өстү, деп эскертет ЮНИСЕФ.
Акыркы маалыматка ылайык, 2023-жылдын октябрынан ноябрь айына чейин Европада жана Борбордук Азияда кызамык оорусу дээрлик эки эсеге көбөйүп, кырдаалдын начарлоо тенденциясы байкалат. Иммунитеттин алсыздыгынан улам аймакта оорулардын саны өсө берет деп күтүлүүдө.
«Кызамык учурларынын көбөйүшү – эмдөөнүн азайып жатканынын эң айкын белгиси. Андыктан, мындай кескин өсүш жаш балдарды бул өтө кооптуу оорудан коргоо үчүн өзгөчө көңүл бурууну жана саламаттыкты сактоо боюнча шашылыш чараларды талап кылат», – деди ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Регина Де Доминичис.
Кызамык балдардын ден соолугуна катуу таасир этет, кээде өлүмгө да алып келет. Ал баланын иммундук системасынын начарлашына себепкер болуп, пневмония сыяктуу башка жугуштуу ооруларга аярлуу кылып коет.
Акыркы маалыматтарга караганда, Казакстанда кызамык менен ооругандардын саны эң көп: 100 миң калкка 69 учур, же 13 254 учур. Кыргызстан кызамык оорусу боюнча экинчи орунда турат: 100 миң калкка 58 учур, же жалпысынан 3811 учур. Өткөн аптада Румынияда 1,855 учур катталып, оруу деңгээли 100,000ге 9,6 учурга жеткенде, улуттук эпидемия кырдаалы жарыяланган.
Кызамык оорусунун көбөйүшү бүткүл региондо эмдөөнүн төмөндөшү менен байланыштуу. Кырдаалдын начарлашына себеп болгон факторлор арасында COVID-19 пандемиясынын учурунда жана андан кийин көбөйгөн туура эмес маалыматтардан улам жалпы эле вакциналарга суроо-талаптын азайышы, саламаттыкты сактоо кызматтарынын үзгүлтүккө учурашы жана баштапкы медициналык-санитардык жардам системаларынын начардыгы.
Акыркы маалыматтар көрсөткөндөй, 2019-2021-жылдар аралыгында Европа менен Борбор Азияда 931 миңдей бала пландуу эмдөөдөн толук же жарым-жартылай өтпөй калган. Европа жана Борбордук Азия чөлкөмүндө кызамыкка каршы эмдөөнүн биринчи дозасын алуу деңгээли 2019-2022-жыл аралыгында 96 пайыздан 93 пайызга чейин төмөндөгөн. Бул балдар пландуу эмдөө жашынан өтүп бара жатканына байланыштуу, алар бардык керектүү эмдөөлөрдү алышы үчүн өзгөчө көңүл бурулушу керек.
Ар бир баланы камтуу үчүн ЮНИСЕФ аймактагы өлкөлөрдү төмөнкүлөргө чакырат:
- Эмдөөдөн өткөн бардык балдарды, өзгөчө эмдөөдөн өтпөгөн балдарды тез арада аныктоо жана аларды эмдөө.
- Вакциналарга болгон суроо-талаптын күчөтүү, анын ичинде вакциналарга болгон ишенимди арттыруу.
- Иммунизация жана баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматтарын каржылоого артыкчылык берүү.
- Медициналык кызматкерлерге, инновацияларга жана жергиликтүү өндүрүшкө инвестициялоо аркылуу туруктуу саламаттык сактоо системасын куруу.
ЮНИСЕФ өкмөттөр, Гави, Вакцина боюнча альянс, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана башка өнөктөштөр менен далилдерди чогултуу, жетишсиз тейленген балдарды жана жетишсиз көңүл бурулуп калган жамааттарды аныктоо, вакцинага суроо-талаптын жана сунуштун азайышынын түпкү себептерин түшүнүү жана контексттен көз каранды себептерди жана тобокелдик факторлорун баалоо үчүн иштеп жатат. ЮНИСЕФ бул маалыматтарды Европадагы жана Борбордук Азиядагы өкмөттөргө ар бир баланы иммунизациялоодо колдоо көрсөтүү үчүн стратегияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн колдонот.