Чүй облусунда 268 орто жана чакан ишкана ачылып, 3 миңге жакын жумуш орду түзүлдү

 Чүй облусунда 268 орто жана чакан ишкана ачылып, 3 миңге жакын жумуш орду түзүлдү

Чүй облусунда 2023-жылдын 10 айында 268 орто жана чакан бизнес субъектилери ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган ишканаларда жалпысынан 2 миң 849 жумушчу орун түзүлгөн.

Мындан сырткары, 2023-жылы облуста бир нече ири ишканалар ишке киргизилип, азыр ийгиликтуүү иштеп жатышат. Анын ичинде “Аtalyk group” жабык акционердик коому тарабынан “Аталык жем” курама тоют заводу данды жана үрөндү сактоочу кампасы менен кошо ишке берилди.

Мындан тышкары, “Еврошпалы” темир жол шпалдарын чыгаруучу ишкана, “Салих Aqua” атындагы балыкка жем чыгаруу ишканасы, “Агро кейджи” ЖАК тарабынан кап жана жип чыгаруу боюнча заводу, “Кыргызпродуктборбор” ЖЧКсынын соода-логистикалык борборунун базасында Кыргызстанда биринчи жолу жашылча-жемиштерди дароо тоңдуруу заводу, “Ийгиликтүү чарба” ЖЧКсынын колбаса жана нан азыктарын чыгаруучу жаңы цехи ишке киргизилип, “Жар птица” дыйкан чарбасы тоок ферма ачып, жумуртка өндүрүүнү баштаган.

Связанный пост