КМШ ПААнын 56-пленардык жыйынында орус тилинин ролу тууралуу маселе каралды
Бишкек шаарында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КМШ ПААга мүчө мамлекеттердин 56-пленардык жыйыны РФ Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенконун төрагалыгы алдында өттү.
Валентина Матвиенко куттуктоо сөзүндө КМШ ПААнын өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнө токтолду. Ал белгилегендей, моделдик мыйзам чыгаруунун келечектүү планына ылайык Ассамблеянын 55-пленардык отурумунда 27 документ кабыл алынып, 7 мыйзам долбоору бүгүнкү отурумдун кароосуна киргизилген. КМШ ПАА Кеңешинин Төрайымы 2023-жыл КМШда орус тили жылы деп жарыяланганын эске салды. КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында орус тилин колдоо максатында эл аралык уюм түзүү чечими кабыл алынган.
56-пленардык отурумду ачып жатып, Валентина Матвиенко: “КМШ ПААнын 56-пленардык жыйынынын негизги темасы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде орус тилинин улуттар аралык баарлашуунун тили катары ролун талкуулоо. Анын алкагында “орус тили- КМШ аймагындагы интеграциялык диалогдун негизи” аттуу эл аралык конференция өткөрүлдү”, – деди.
Андан соң КМШ ПААга мүчө мамлекеттердин парламенттик делегацияларынын башчылары саламдашуу сөзү менен чыгып сүйлөштү. Шериктештик өлкөлөрүнүн парламенттеринин жетекчилери КМШ ПАА Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенкону бул кызматка кайрадан шайланышы менен куттуктап, ошондой эле КМШ ПААнын күзгү сессиясынын алкагында өткөрүлгөн иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн КР ЖК төрагасы Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдиришти.
Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова өз сөзүндө КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын ролунун маанилүүлүгүнө токтолуп, бүгүнкү күндө көз карандысыз Мамлекеттер шериктештигинин салмактуу институттарынын бири болуп саналарын айтты. Ал КМШ ПААнын катчылыгынын ийгиликтүү ишин белгилеп: “Парламенттер аралык ассамблея эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерди, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууда. Ассамблеянын алкагындагы иштер биздин өлкөлөр ортосундагы ар кандай багыттар боюнча мамилелерди мындан ары кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Буга байланыштуу кызматташуунун маданий аспектиси өзгөчө мааниге ээ”, – деди.
Баяндамачы орус тилинин өлкөдөгү ролу тууралуу айтып жатып, Азербайжанда 2023–жылы орус тилин өнүктүрүүгө багытталган бир катар маданий-агартуу, илимий-билим берүү иш-чаралары даярдалып, өткөрүлгөндүгүн баса белгиледи. ” Азербайжанда 440ка жакын орус тилдүү мектеп иштейт, анда 150 миң бала билим алат”, – деди Сагиба Гафарова.
Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова жыйындын катышуучуларына кайрылып: “КМШ ПААнын ишмердүүлүгү Евразия континентинде ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого өбөлгө түзөт”, – деп белгиледи. Ал КМШ ПААга мүчө-мамлекеттердин жемиштүү кызматташтыгынын үлгүсү болуу менен КМШнын миссиясынын мааниси өсүп жатканын белгиледи. Наталья Кочанова өз сөзүндө орус тилинин ролу жөнүндө айтты.
“2023-жыл – Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде улуттар аралык баарлашуу тили катары орус тилинин жылы деп жарыяланган. Бул ПААнын бүгүнкү пленардык жыйынынын темасы болгондугу символикалуу. Анткени, улуу орус тили — миллиондогон адамдарды күчтүү бириктирүүчү башталгыч, евразиялык интеграциянын маанилүү фактору жана шериктештиктин бардык өлкөлөрүнүн жалпы мурасы. Орус тили жалпы тил”, – деп жыйынтыктады ал.