Жалал-Абад жана Баткен шаарларында наабайканаларга айып пул салынды

 Жалал-Абад жана Баткен шаарларында наабайканаларга айып пул салынды
Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Борбордук аппараттын кызматкерлери менен бирдикте шаардын жана Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Курманбек Баатыр көчөсүндө жайгашкан тандыр нан саткан А.А аттуу жаранга 340 граммдык тандыр нанды 35 сомдон сатып жаткандыгы аныкталган. Тагыраагы белгиленген баадан 1 сомго жогорулатып саткандыгы үчүн 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Андан сырткары, Баткен облустук бөлүмүнүнүн кызматкерлери соода түйүндөрдө социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда Баткен шаарынын Раззаков көчөсүндө жайгашкан наабайкананын ээси Ж.С аттуу жаранга нанды белгиленген баадан жогорулатып саткандыгы үчүн 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Связанный пост