Министрлер Кабинетинде 1 ГВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “China Power International Development Limited (CPID)” жана “China Railway 20 Bureau Group Corporation (CR20G)” компанияларынын өкүлдөрү менен видеоконференция режиминде кубаттуулугу 1 ГВт болгон күн электр станциясын куруу долбоорун талкуулоо үчүн жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө күн электр станциясынын курулушунун презентациясы тартууланды.

МинКаб башчысы белгилегендей, өлкөдө энергетика системасын реструктуризациялоо жана туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана күн энергиясын өнүктүрүү алкагында бир катар реформалар жүрүп жатат.

“Бул долбоор биз үчүн абдан маанилүү. Республиканын гидроэнергетикалык потенциалынын 70%га жакыны ишке ашпай турат, ал эми биз электр энергиясын импорттоону улантып жатабыз”, – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 1000 МВт (1 ГВт) болгон күн электр станциясы пайда болот. Анын курулушуна кызыгуусун “China Power International Development Limited” жана “China Railway 20 Bureau Group Corporation” курамындагы кытайлыа энергетикалык консорциуму билдирген.

Тиешелүү макулдашууга үстүбүздөгү жылдын майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кытай Эл Республикасына боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюулаары пландалууда.

Связанный пост