Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.

14-апрель күнү “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында шаардагы аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Сертификаттарды тапшыруу аземине Жогорку Кеңештин депутаттары Ш.Ташиев, А.Маткеримов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев катышты.

“Социалдык келишим” долбоорунун максаты – аз камсыз үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга түрткү берүү жана эмгекке тартуу менен жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат.

Кайтарымсыз негизде 100миң сомдон алган үй-бүлөлөр бул каражатка ишкердик баштайт.

Белгилей кетсек, өткөн жылы социалдык келишимдин негизинде 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген. Бүгүн алар өндүргөн продукциялардын көргөзмөсү да орун алды.

Связанный пост