Баткенде ымыркай 5 кг 650 грамм салмакта төрөлдү

 Баткенде ымыркай 5 кг 650 грамм салмакта төрөлдү

Баткенде 5 кг 650 грамм салмакта эркек бала төрөлдү. Бул тууралуу Кулунду жалпы дарыгердик-практикалык борборунун төрөт бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-ноябрда Жаштык айылынын 46 жаштагы тургуну көз жарган.

“Учурда эне-баланын абалы туруктуу. Бул келиндин алтынчы төрөтү болуп саналат”, – деп белгилешти мекемеден.

Ымыркайга ата-энеси Имран деп ысым койгону жатышканы да айтылды.

Связанный пост