Кар түшкөнгө чейин көмүр камдаңыз: Министрлик калкка кайрылды
Энергетика министрлиги калкты кар түшкөнгө чейин көмүрдү алдын ала сатып алууга чакырат.
Ведомствонун маалыматына ылайык, көмүр базаларынын даректерин жана актуалдуу бааларды төмөнкү булактардан табууга болот:
- 2GIS тиркемесинен — издөө бөлүгүнө “Кыргызкөмүр” деп жазуу керек;
- ОАО “Кыргызкөмүрдүн” расмий Instagram жана Facebook баракчаларындагы биринчи бекитилген жарыялардан көрүүгө болот.