Бажы кызматы быйыл 200 млрд сом чогултууну көздөп жатат

 Бажы кызматы быйыл 200 млрд сом чогултууну көздөп жатат

Мамлекеттик бажы кызматы 2026-жылы бажы төлөмдөрүнөн түшкөн каражатты 200 млрд сомго чейин жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Улан Кимсанов “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылга карата бажы төлөмдөрүнүн алгачкы болжолдуу планы 142 млрд 300 млн сомду түзгөн. Кийинчерээк ал 187 млрд сомго чейин көбөйтүлгөн.

“Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгында 197-198 млрд сомго жетүү мүмкүнчүлүгү бар экенин көрүп жатабыз. Бирок тиешелүү башкармалыктарга ар бир бажы органынын мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, болжолдуу планды 200 млрд сом деңгээлинде иштеп чыгууну тапшырам”, – деди Улан Кимсанов.

Ал ар бир бажы органы боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү тактап, кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жана тобокелдиктерди аныктоону, ошондой эле үч күндүн ичинде толук маалымат даярдоону тапшырды. Жыйынтык көрсөткүчтөр тиешелүү буйрук менен бекитилет.

Бажы кирешелери башкармалыгынын башчысы Эркинбек Иманалиевдин маалыматына караганда, 2026-жылдын ноябрь айына карата бажы төлөмдөрүнүн планы 18 млрд 930,1 млн сом болуп бекитилген.

Бүгүнкү күнгө карата иш жүзүндө 18 млрд 275,4 млн сом түшүп, план 96,5% аткарылган. Планды толук аткаруу үчүн дагы 654,7 млн сом түшүрүү зарыл.

Связанный пост