Кыргызстан 2027-жылы электромобилдерге көбүрөк квота алууну көздөйт
Кыргызстан 2027-жылы электромобилдерди импорттоого мүмкүн болушунча көп квота алууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында журналисттерге берген маегинде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Улан Кимсанов билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылы электромобилдерди алып кирүүгө алгач 10 миң даана квота бөлүнгөн. Бирок кийинчерээк кошумча дагы 15 миң даана квота алууга жетишилген. Бүгүнкү күндө эки квота тең толугу менен түгөнгөн.
“Кийинки жылы тиешелүү саясатты иштеп чыккан Экономика министрлиги менен биргеликте иш алып барып, мүмкүн болушунча көп квота алууга аракет кылабыз”, – деп белгиледи Кимсанов.