Камсыздандыруу төлөмдөрү 5,1 млн сомдон ашты
“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коому 2026-жылдын 25-ноябрына карата камсыздандыруу учурлары боюнча жалпы 5 млн 144 миң 41 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүздү.
Мекемеден билдиришкендей, төлөмдөр автотранспорт каражаттарын милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО), турак жайды камсыздандыруу жана башка камсыздандыруу түрлөрү боюнча келип түшкөн кайрылуулардын негизинде жүргүзүлдү.
Камсыздандыруу төлөмдөрү төмөнкү аймактар боюнча бөлүштүрүлдү:
- Камсыздандыруу учурларын иликтөө жана жөнгө салуу башкармалыгы – 4 млн 394 миң 847 сом;
- Ысык-Көл облусу – 300 миң сом;
- Жалал-Абад облусу – 177 миң 758 сом;
- Нарын облусу – 150 миң сом;
- Баткен облусу – 101 миң 436 сом;
- Талас облусу – 20 миң сом.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандардын жана юридикалык жактардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо, камсыздандыруу учурларында келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жана калк арасында камсыздандыруу маданиятын өнүктүрүү багытындагы иштерин улантууда.