ИИМ: Интернет алдамчылыктын торуна түшкөндөрдүн акчасы кайтарып берилүүдө
Ички иштер министрлиги интернет алдамчылар тарабынан уурдалган каражаттарды кайтарып алуу боюнча чараларды көрүп жатат. Эгерде акча өлкөдөн чыга элек болсо жана жабырлануучулар укук коргоо органдарына тезинен кайрылышса, аны ээлерине кайтарып берүүгө болот. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Парламент төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов алдамчылар жарандар, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө маалыматты кайдан алышарын сурады.
Аширхожаевдин айтымында, бир ыкма – WhatsAppты бузуу. Колдонуучунун аккаунтуна кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон шылуундар анын телефонундагы кишилерге акча сураган билдирүүлөрдү жөнөтөт. Министрдин орун басары өзү да ушундай эле SMS билдирүү алганын белгиледи.
Ички иштер министрлигинин киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү аракеттеринин натыйжалуулугу жөнүндөгү суроого жооп берип жатып, Аширходжаев бул дүйнө жүзү боюнча өсүп жаткан кылмыштын бир түрү экенин айтты.
“Ички иштер министрлиги бул багытта бардык күч-аракетин жумшап, иштеп жатат. Эгерде акча Кыргызстандан чыга элек болсо жана жарандар биз менен тез арада байланышса, биз бардык каражаттарды кайтарып беребиз. Кылмыштарга тиешеси барлардын баарын жана шектүүлөрдү аныктап, зарыл чараларды көрөбүз”, – деди ал.
Министрдин орун басары ошондой эле мындай кылмыштардын уюштуруучулары жана негизги катышуучулары көп учурда чет өлкөлөрдө экенин баса белгиледи. Бул жагынан алганда, Кыргызстан өлкөлөр эл аралык деңгээлде кошулган Киберкылмыштуулук боюнча Будапешт конвенциясынын тез арада күчүнө кириши боюнча иштеп жатат.