Айрым райондордо мончо, мейманканалар өнөр жай ишканасы катары катталган
Кыргызстандын айрым райондорунда инвестицияларды жана өнөр жай ишканаларын эсепке алууда кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев республикалык кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, Жети-Өгүз районунда 2025-жылы жана 2026-жылдын 9 айында жеке инвестициялардын үлүшү болгону 0,3%ды түзгөн. Ал эми Кочкор районунда 2025-2026-жылдары бул көрсөткүч 10%га да жеткен эмес.
Текшерүү учурунда буга чейин инвестициялык долбоор катары отчетторго киргизилген айрым долбоорлор боюнча келишимдер жана меморандумдар табылган эмес.
Ошондой эле Өзгөн районунда 2026-жылдын 9 айындагы инвестициялардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 55%га азайган. Баткен районунда болсо 2025-жылы инвестиция катары көрсөтүлгөн 1 млрд 637 млн сомдун 73%дан ашыгын республикалык бюджеттин эсебинен курулган объектилер түзгөн.
Мындан тышкары, өнөр жай ишканаларын эсепке алууда да кемчиликтер аныкталган. Кочкор районунда 2021-2026-жылдары ачылган 37 ишкананын тизмесине мончолор, мейманканалар, дарыканалар жана дүкөндөр киргизилген.
Ал эми Тогуз-Торо районунда 9 айда 350 ишкана ачылганы тууралуу отчет берилгени менен, текшерүүчүлөр алардын айрымдарын таба алышкан эмес жана даректерин тастыктай алышкан эмес.
Ошол эле учурда берилген маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын 9 айында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 7%га өскөн. Анын 49,4%ы Чүй облусуна, 2,9%ы Ош облусуна, 1,9%ы Ош шаарына жана 1,4%ы Баткен облусуна туура келген.