Шайлоо эмнеге шаршембиде өтөт? Президенттин түшүндүрмөсү
Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоо эмне үчүн шаршемби күнү өтөрүн жана бул күнү кимдер үчүн эмгек акы төлөнөрүн өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча өткөн республикалык кеңешмеде түшүндүрдү.
Мамлекет башчысы белгилегендей, мурда шайлоого катышкандардын саны 85–86%га чейин жетсе, акыркы жылдары 30%га чейин төмөндөгөн.
“Былтыр Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү киргизилип, шайлоочулардын саны мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу 290 миңге көбөйгөн. Бирок ага карабастан, жалпы катышуу 40%га жеткен эмес.
Анан биз мыйзам кабыл алдык, билесиздер Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алып берген. Шайлоону дем алыш күн эмес, үчүнчү күнү болсун дедик. Үчүнчү күнү эч ким баягы базарга барбайт, бешинчи күнү намаз окуйм деп мечитке кетпейт, ошол күндү дагы иш күн эмес деп жарыяладык. Иш күн эмес күндөрү билесиздер, эмгек акы төлөнбөйт, пенсия, жөлөк пул төлөнбөйт, анан баягы эмгек стажга күн эсептелбейт дем алыш күндөрү. Ал эми алдыдагы шайлоо күндө бардыгы эсептелет дедик. Эмгек акы берилет, пенсия, жөлөк пул берилет. Бирок шайлоого катышпай койсоң, бардыгы берилбейт деп жатабыз. Эмгек акы, пенсия, жөлөк пул берилбейт, ошол күндүкү иш күнүң иш стажыңа кошулбайт деп жатабыз.
Мына ушуну элге жакшы түшүндүрүшүңүздөр керек. Мына ошол сиздердин милдетиңиздер”, — деди президент.