Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 13 миңден ашык учуру катталды

 Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 13 миңден ашык учуру катталды

Кыргызстанда 16-22-ноябрь күндөрү курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоо менен ооругандардын 13 386 учуру катталды. Бул өткөн аптага салыштырмалуу 17%га көп. Анда 11 439 учур катталган.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ооругандардын саны 2,5%га өскөн.

Ооругандардын басымдуу бөлүгүн 14 жашка чейинки балдар түзөт. Алардын саны 8 967ге жетип, жалпы көрсөткүчтүн 67,1%ын түзгөн.

Эпидемиологиялык көзөмөлдүн алкагында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында лабораториялык мониторинг жүргүзүлүүдө.

Аныкталган респиратордук вирустардын арасында риновирустар басымдуулук кылууда. Алардын үлүшү 44,1%ды түзөт. Ошондой эле парагрипп вирустары (25,1%), аденовирустар (12,9%), сезондук коронавирус (9,6%) жана бокавирустар (7,4%) катталган. Башка вирустардын үлүшү 0,9%ды түзөт.

Связанный пост