Айсулуу Тыныбекованын спорттук кийими 600 миң сомго сатылды

 Айсулуу Тыныбекованын спорттук кийими 600 миң сомго сатылды

Парижде өткөн Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекова кийген спорттук кийим кайрымдуулук аукционунда 600 миң сомго сатылды. Бул тууралуу спортчу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Аукциондон түшкөн каражат жаштардын билим алуусуна жумшалат.

“Бул кийим мен үчүн абдан кымбат. Анткени ал спорттогу эмгегим, толкунданган учурларым жана баа жеткис эскерүүлөрүм менен байланыштуу. Андан ажыроо оңой болгон жок. Бирок анын жакшы ишке жарап, кайрымдуулукка салым кошору мени кубандырат”, — деп жазган Айсулуу Тыныбекова.

Ошондой эле спортчу демилгесин колдогондордун баарына ыраазычылык билдирип, эң чоң жеңиш — өз ийгилигиң менен башкаларга жакшылык тартуулоо мүмкүнчүлүгү экенин белгилеген.

Связанный пост