Билим берүү уюмдарында балдардын катышуусу 90%дан жогору
Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева өлкө боюнча жаш балдар арасында дем алуу органдарынын курч вирустук оорулары күчөп жаткандыгына байланыштуу райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү.
Бүгүнкү күнгө алынган маалымат боюнча республикадагы мектеп, бала бакчаларда балдардын катышуусу 90% дан жогору.
Жыйында министрдин орун басары оорунун алдын алуу үчүн тиешелүү чараларды көрүү, санитардык нормаларды сактоо боюнча тийиштүү иш-аракеттерди жүргүзүү тапшырмаларын берди.
Белгилей кетсек, учурда бардык мектептер штаттык режимде иш алып барууда.