Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти
Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрү ант беришти. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.
Алсак, төмөнкү жаңы дайындалган жетекчилер ант беришти:
– Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов;
– Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев;
– Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев;
– Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков;
– Кыргыз Республикасынын юстиция министри Алмаз Айылчиев;
– Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Максат Асаналиев.
Андан соң Өлкө башчысы сөз сүйлөп, Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясына ийгиликтерди каалоо менен өлкөдөгү жетишкендиктерге жана уюштурулган соңку иш-чараларга токтолду.
Муну менен катар мамлекеттин өнүгүшү, экономиканын өсүшү, коомдогу туруктуулук мыйзам чыгаруу бийлигинин натыйжалуу ишине байланыштуу экенин белгилеген Садыр Жапаров: “Президент, Жогорку Кеңеш жана Министрлер Кабинети мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу менен иш алып барганда гана мамлекет алдыга жылат”, – деди.