ЖК бир катар жетекчилик кызмат орундарына сунушталган талапкерлерди дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар жетекчилик кызмат орундарына сунушталган талапкерлерге макулдук берүү маселеси каралды.

Өлкө башчысынын сунуштамасын жана талапкерлер тууралуу маалыматты Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Атап айтсак, Алмаз Имангазиев Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна, Алмаз Айылчиев Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна жана Малик Бектурганов Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызмат ордуна сунушталууда.

Жыйынтыгында аталган талапкерлерди жетекчилик кызмат орундарына дайындоого макулдук берилип, Жогорку Кеңештин тийиштүү токтомдору кабыл алынды.

Связанный пост