Социалдык кызматкерлердин айлыгы 40 миң сомго чейин жогорулады

 Социалдык кызматкерлердин айлыгы 40 миң сомго чейин жогорулады

Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин орточо эмгек акысы каралган кошумча төлөмдөрдү жана үстөк акыларды эске алуу менен болжол менен 40 миң сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында айтылды.

Буга чейин социалдык кызматкерлердин орточо айлык акысы 12 миң сомдун тегерегинде болчу.

Айлык акыны жогорулатуу президенттин 2026-жылдын 26-мартындагы бюджеттик чөйрөнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө жарлыгынын алкагында жүргүзүлдү.

Учурда республика боюнча 545 социалдык кызматкер эмгектенет. Бул бекитилген штаттык бирдиктердин 99 пайызын түзөт.

Отчеттук мезгилде алар турмуштук оор кырдаалда турган 3,6 миң баланы аныкташкан. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 1 702 баланы мындай кырдаалдан чыгарууга жетишилди.

Связанный пост