8-класстан тартып окуучуларды кесипке багыттоо башталат
Быйылкы окуу жылдын жаңылыгы катары кесипке багыт берүүчү жаңы окуу программасы киргизилет. Бул тууралуу Улуттук педагогикалык форумдун жүрүшүндө Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, эми 8-класстан баштап кесипке тандоо башталат. Мисалы, химия, биология багытында кеңири окутуп, медицина тармагына кызматкерлерди даярдоого багытталган мектептер ачылмакчы.
“Мындай кесипке багыт берүүчү программаларды ачуу келечекте өзгөчө медицина тармагына керектүү адистерди даярдоого өбөлгө түзөт. Сиздер көрүп тургандай, бала кайсы окууга тапшырат дегенде, ЖРТнын жыйынтыгына карата көрөбүз деп коёбуз. Көпчүлүк ЖРТнын жыйынтыгы менен тапшырып, бирок окуусун улантпай таштап кеткендер өтө көп. Мамлекет акча жоготкон мындай учурлар көп”, – деди министр.
Кендирбаева быйылкы окуу жылындагы дагы бир жаңылык катары мугалимдер жана окуучулар үчүн ар бир предметти коштогон жумушчу дептерлер акысыз берилерин белгиледи.
“Быйылкы окуу жылындагы өзгөчөлүк — мугалимдер жана балдар үчүн ар бир предметти коштогон жумушчу дептерлердин бардыгы бекер чыгып жатат”, – деди ал.
Министр ошондой эле Улуттук педагогикалык форумдун өтүшүнө токтолуп, бул багытта иш-чаралар буга чейин өлкөнүн аймактарында өткөрүлүп, анда мектепке чейинки билим берүү, кесиптик-техникалык окуу жайлар, окуу китептери жана окутуу маселелери боюнча сунуштар, көйгөйлөр талкууланып келгенин маалымдады.
Белгилей кетсек, форумга өлкөнүн жети облусунан мугалимдер, методисттер, мектеп директорлору жана билим берүү тармагынын башка өкүлдөрү катышып, бардык көтөрүлгөн маселелерди улуттук форумдун алкагында талкуулашууда.