Эдил Байсалов эл аралык майыптар күнүнө арналган форумга катышты

 Эдил Байсалов эл аралык майыптар күнүнө арналган форумга катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эл аралык майыптар күнүнө арналган «Менин колумдан келет» форумуна катышты.

Форумдун ишин ачууда Эдил Байсалов Кыргызстан – социалдык саясат өзгөчө орунду ээлеген мамлекет, ал эми кыргыз эли оор кырдаалга туш болгон адамдарга, өзгөчө майыптыгы бар адамдарга боор тартып, көмөгүн аябаган эл экендигин белгиледи.

«Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга болгон мамиле жетилген коомдун жана мамлекеттин маданият деңгээлинин көрсөткүчү экендиги талашсыз. Мамлекеттик деңгээлде акыркы жылдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын абалын жакшыртууга багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды», – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Белгилей кетсек, форум мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жетишкендиктери менен көйгөйлөрүнө, майыптыгы бар адамдардын эмгекке жана билим алууга карай жеткиликтүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында « Менин колумдан келет» деген ураан астында өтүүдө.

Форумдун соңунда жыйынтык резолюция кабыл алынат.

Связанный пост