Ысык-Көлдө милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү

Ысык-Көл облусунда 30-июлдан 3-августка чейин коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү.

ИИМдин маалыматына ылайык, мындай чаралар “Борбор Азия – Азербайжан” консультативдик жолугушуусу жана UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын “Кыргызстандын Гран-приси – Ысык-Көл 2026” эл аралык мелдешинин өтүшүнө байланыштуу көрүлүүдө.

“Бул күндөрү коомдук жайларда, көлдүн акваториясында жана башка маанилүү аймактарда коопсуздук күчөтүлөт. Ошондой эле Ысык-Көл районунун аймагында айрым учурларда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет”, – деп айтылат маалыматта.

ИИМ тургундарды жана эс алуучуларды милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга, коомдук тартипти жана жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырды.

Связанный пост