Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев “Манас” ордени менен сыйланды

 Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев “Манас” ордени менен сыйланды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик сыйлыгы — I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.

Мамлекеттик сыйлыкты бүгүн, 30-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын лидерине Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик сапардын алкагында тапшырды.

“Манас” ордени — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын бири. Ал өлкөнүн экономикасына жана элине сиңирген өзгөчө эмгеги, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы, мамлекетти жана демократиялык коомду чыңдоодогу, элдин биримдигин бекемдөөдөгү, ошондой эле өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын арттыруудагы жетишкендиктери үчүн берилет.

Өз кезегинде Өзбекстан президенти ага бир катар сыйлыктар ыйгарылганын бирок, анын ичинен бул сыйлык өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.

Связанный пост