Ысык-Көлдө туристтик кеме багытын өнүктүрүү пландалууда

 Ысык-Көлдө туристтик кеме багытын өнүктүрүү пландалууда

Ысык-Көлдө жүргүнчү жана туристтик кемелерди жүргүзүүнү жандандыруу пландалууда. Бул долбоор Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Бишкек – Алматы экономикалык коридорунун программасынын алкагында сунушталууда.

Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрденэт Касымов “Биринчи радионун” эфиринде билдиргендей, туризм тармагы боюнча беш долбоор пландаштырылууда, анын ичинде Ысык-Көлдө кемелерди жүргүзүүнү жандандыруу да бар.

Анын айтымында, кыргыз тарап долбоорду жакшыртуу жана аны ишке ашырууну баштоого даяр экенин ырастап, билдирүү жөнөткөн. Бул долбоор жүргүнчү жана туристтик кемелерди ишке киргизүүнү, ошондой эле Ысык-Көл облусунун шаарларында жана айылдарында совет доорунан бери сакталып калган порт инфраструктурасын калыбына келтирүүнү карайт.

“Биз аларды кайра жандандырып, өнүктүргүбүз келет; анткени, бул абдан маанилүү. Бул ошондой эле Чолпон-Атага келген туристтерге түштүк жээкти көрсөтүүгө мүмкүндүк берет”, – деди Касымов.

Связанный пост