Шайлоочулар тизмеден өздөрүн кантип текшере алышат?
Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды шайлоочулардын тизмесинде өздөрү тууралуу маалыматтардын бар-жогун текшерүүгө чакырат.
Мекеменин маалыматына караганда, жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилгенин tizme.gov.kg сайты аркылуу онлайн текшере алышат. Ал үчүн сайтка кирип, тиешелүү шайлоону тандап, паспорттогу аты-жөнүн же жеке идентификациялык номерин (ПИН) жазып, “Издөө” баскычын басуу керек. Натыйжада шайлоо участогу жана анын дареги көрсөтүлөт.
Эгер маалымат туура эмес болсо же жаран тизмеден табылбаса, Шайлоочунун кабинети же “Түндүк” порталы аркылуу арыз берүүгө болот. Биометрикалык каттоодон өтө элек жарандар Калкты тейлөө борборлоруна кайрылышы керек.