Энергетикадагы кырдаал боюнча мындан ары элге күн сайын маалымат берилип турат

 Энергетикадагы кырдаал боюнча мындан ары элге күн сайын маалымат берилип турат

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомдо кызуу талкууланып жаткан жер маселеси, тышкы карыз, темир жол курулушу, туризм жана энергетика боюнча билдирүү жасады.

Өлкө башчысы энергетика тармагындагы кырдаал тууралуу айтып жатып эгемендүүлүк алгандан бери Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир гана агрегаты ишке киргизилгенин, ири ГЭСтер курулбагандыктан кышкысын коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алууга туура келип жатканын белгиледи.

“Таңкыстык болгон энергияны өзүбүз суу менен камсыздаган кошуна өлкөлөрдөн алып келе жатыптырбыз. Бүгүн да алып жатабыз. Эмне деген уят иш. Суу башында туруп энергиясы таңкыс өлкөбүз. Себеби бир дагы чоң ГЭС салган эмеспиз. Мен бүгүнкү күнгө чейин кошуна кесиптештеримден кыштын күнү энергия сурагандан уялам. Айла жок кыштын күнү энергия сатып алып жатабыз. Бүгүнкү күндө беш жылдан бери баш-аягы 50гө жакын чакан жана орто ГЭСтерди ишке бердик. Дагы 50дөй ГЭС курулуп жатат. Бирок дагы деле дефицит болуп келген энергияны жаба элекпиз. Себеби, күндөн-күнгө, айдан-айга энергияга болгон талап өсүп келе жатат. Завод-фабрикалар, соцобъектилер, үйлөр курулуп жатат. Кудай буюрса, алдыда дефицитти жабабыз деген планыбыз бар. Ошонун үстүндө иштеп жатабыз”, – деди өлкө башчы.

Ошондой эле президент энергетика маселеси боюнча бүгүнтөн баштап энергетика министри жалпы коомчулукка күнүгө кенен маалымат берип турарын кошумчалады.

Связанный пост