Кыргызстанга келген туристтердин саны 13 миллионго жетти
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомдо кызуу талкууланып жаткан жер маселеси, тышкы карыз, темир жол курулушу, туризм жана энергетика боюнча билдирүү жасады.
Анда өлкө башчысы өлкөдө туризм тармагынын өнүгүшү жана чет элдик меймандардын агымы боюнча көрсөткүчтөр тууралуу айтты.
Мамлекет башчысынын айтымында, эгер 2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жетти. Бул Кыргызстандын калкынын санынан эки эсе көп.
“Бул экономиканын өскөнүн, өлкөбүздүн аты дүйнөгө дүңгүрөп, туристтерди өзүнө тартып жатканын билдирет. Эки эсе көп турист келгени ИДПнын өсүшүнө 4-5 пайыз кошумча салым болду. Ар бир турист ар бир кыргызстандыктын жакшы жашоосуна салым кошуп жатат”, – деди Садыр Жапаров.
Президент дүйнө өлкөлөрү турист чакыруу үчүн миллиарддаган каражат сарптаса, Кыргызстанга меймандар өзү агылып келип жатканын белгилеп, аларды меймандостук менен тосуп алуу керек экенин белгиледи.
“Ар бир туристке кылдат, сый мамиле жасаңыздар. Кен байлыктарыбыз бир кезде түгөнөт, а туризм түбөлүк калат. Келечекте өлкөбүздү туризм багат. Ар бир кыргызстандык туризмди өнүктүрүүгө азыртадан салымын кошсун”,– деп кайрылды мамлекет башчысы.