Өлкөдө токой аянттары кеңейтилип, экосистема калыбына келтирилет
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы менен MSDSP KG коомдук фонду өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Токой кызматынан билдиришкендей, келишим өлкөдө токой аянттарын кеңейтүүгө, экосистемаларды калыбына келтирүүгө жана “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
Тараптардын кызматташтыгы айлана-чөйрөнү коргоого жана климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин азайтууга өбөлгө түзөрү белгиленди.