Чоң Чүй каналынын жээгинде жаңы жол курулат
Бишкек шаарында Чоң Чүй каналынын жээгинде жаңы жол куруу жана жөө жүрүүчүлөр үчүн эс алуу аймагын уюштуруу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Долбоор Үсөнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки тилкени камтыйт. Курулуш иштерине тоскоолдук жараткан мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо иштеринин алкагында төмөнкүлөр алынды:
- 1 жеңил типтеги объект;
- 9 жеңил тор конструкциядагы объект;
- 3 капиталдык тосмо.
“Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында муниципалдык менчиктеги жалпы аянты 2 620 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз курулуштардан бошотулду”,-деп айтылат маалыматта.