Президенттин тапшырмасы боюнча Ысык-Көлдө балык уулоо төлөмдөрү төмөндөйт
Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдө балыкчылар менен болгон жолугушуусунда берген тапшырмасын аткаруунун алкагында, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого байланыштуу төлөмдөрдү төмөндөтүүнү караган токтом долбоорун иштеп чыкты.
Ведомстводон билдиришкендей, аталган документ учурда макулдашуу процессинен өтүүдө. Долбоордун негизги максаты — балык уулоону сүйүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Сунушталган жаңы тарифтер төмөнкүдөй:
Ысык-Көлдө чабак, чабакча жана сазан балыктарын уулоо үчүн:
- 1 суткага — 313 сом;
- 2 суткага — 463 сом;
- 3 суткага — 613 сом.
Ысык-Көл жилингирин уулоо үчүн:
- 1 суткага — 363 сом;
- 2 суткага — 563 сом;
- 3 суткага — 763 сом.
Белгилей кетсек, бул өзгөртүү спорттук жана ышкыбоздук балык уулоо тармагын өнүктүрүүгө жана жарандар үчүн анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Токтом долбоору тиешелүү процедуралардан өтүп, кабыл алынгандан кийин жаңы тарифтер расмий түрдө күчүнө кирет.