Соцфонд 2022-жылдын январь-октябрь айларында 61 миң 145 жаранга пенсия чектеди
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан 2022-жылдын январь-октябрь айларында 61145 жаранга пенсия дайындалып чектелди.
Ошонун ичинде, 2022-жылы октябрь айында 3009 жаранга пенсия чектелди.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 986 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.