Ошто массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү сыйланды
Бүгүн, 4-ноябрда Ош шаарынын мэриясында 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлоо иш-чарасы өттү. Ош шаарынын мэриясы менен тыгыз кызматташып, жергиликтүү бийлик менен элдин ортосуна көпүрө болгон ЖМК өкүлдөрүн мэр Алмаз Мамбетов куттуктады.
Мэр өз сөзүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Ош шаарында жасалып жаткан иштерди, жетишкендиктерди жайылтып, кемчиликтерди түзөтүүдө кошкон салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Майрамдык салтанаттын алкагында калаа башчы журналисттерге Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.