Жогорку Кеңеш Каныбек Досмамбетовду Саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди
Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна Досмамбетов Каныбек Моңолдоровичти дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, колдоого ээ болду. Бул тууралуу тиешелүү токтом кабыл алынды.
Президенттин сунуштамасын жана талапкер тууралуу маалыматты Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.
Эске салсак, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети 23-декабрдагы жыйында Каныбек Досмамбетовду Саламаттык сактоо министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө сунушту жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберген.