Министр жеке медборборлордун жетекчилери менен жолукту

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов жеке медициналык борборлордун жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө саламаттык сактоодогу жеке секторду өнүктүрүү маселелери, анын ичинде аны мындан ары өркүндөтүү концепциясы, ошондой эле медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды.

Досмамбетов өлкө ичинде жеке медициналык уюмдарды өнүктүрүү калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын түрлөрүн кеңейтүүгө жана чет өлкөдө дарыланууга болгон муктаждыкты азайтууга өбөлгө түзгөн артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда жеке клиникалардын ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, заманбап медициналык технологияларды киргизүүгө жана медициналык кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантып, Кыргызстандагы саламаттык сактоонун жеке секторун туруктуу өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашты.

Связанный пост