Бишкекте курулуш иштери үч күнгө токтотулду
Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу 30-августтан тартып үч күнгө курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жана оор атайын техникаларды колдонууга убактылуу чектөө киргизилди.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, мындай чектөө эл аралык ири иш-чаралар учурунда шаардагы коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоого багытталган.
“Ошондой эле транспорттук, инженердик жана энергетикалык инфраструктуралардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында киргизилүүдө”, – деп айтылат маалыматта.