“Бишкек Аренага” эмнелерди алып кирүүгө болбойт?

 “Бишкек Аренага” эмнелерди алып кирүүгө болбойт?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу “Бишкек Арена” стадионунун аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Буга байланыштуу ИИМ көрүүчүлөргө стадионго алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар боюнча эскертти.

Ага ылайык, стадионго тамак-аш жана суусундуктарды, тамеки жана никотин камтыган буюмдарды, сагызды, айнек бөтөлкө жана банкаларды, чоң көлөмдөгү сумка, рюкзак жана чемодандарды алып кирүүгө болбойт.

“Ошондой эле курал-жарак, бычак жана башка сайып-кесүүчү буюмдар, пиротехника, аэрозолдук жана газ баллондору, уруксатсыз дрондор жана адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон башка буюмдарга тыюу салынат”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, тиешелүү уруксаты жок кесиптик фото-видеоаппаратураларды, радиостанцияларды жана жогорку жыштыктагы байланыш жабдууларын, ошондой эле музыкалык аспаптарды, ышкырыктарды жана мегафондорду алып кирүүгө жол берилбейт.

ИИМдин маалыматына караганда, чектөөлөр стадионго миңдеген көрүүчүлөр чогуларына байланыштуу коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.

Стадионго кирүүдө көрүүчүлөр текшерүүдөн өтөт. ИИМ жарандарга баштык жана рюкзактарын алдын ала текшерип, стадионго эртерээк келүүнү жана коопсуздук кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууну сунуштайт.

Связанный пост