Маданият министрлигинин аймактагы кызматкерлери документ жүгүртүүнү автоматташтыруу боюнча окуудан өтүштү

 Маданият министрлигинин аймактагы кызматкерлери документ жүгүртүүнү автоматташтыруу боюнча окуудан өтүштү
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигини буйругуна ылайык, Ош, Жалал- Абад жана Баткен облусундагы министрликке караштуу маданий мекемелердин тиешелүү кызматкерлери документ жүгүртүүнү автоматташтыруу, документтерди электрондук форматка өткөрүү (Infodocs) жана кызматкерлердин бирдиктүү электрондук маалымат базасын түзүү («Е -Kyzmat») боюнча окуудан өтүштү.
Мындай кадамдар мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдаланууну кыскартуу, документ жүгүртүүгө байланыштуу бардык операцияларды тездетүүгө шарт түзөт. Ушундай эле окуулар эми бардык аймактарда улантылып, кызматкерлер кат жеткирүүдө жана электрондук базаны түзүүдө убакытты үнөмдөп, заманбап технологияларды колдонууга шарт түзөт. Окутуулар Министрликтин документи камсыздоо жана көзөмөлдөө жана адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы Жарлыгы менен 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө”, Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” тескемеси кабыл алынып, ага ылайык, 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы кабыл алынган.

Связанный пост