Төрага Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин Аппараты менен жыйын өткөрдү

КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин Аппаратынын жетекчилери, бөлүмдөрдүн, ошондой эле фракциялардын катчылыктарынын башчылары жана алардын орун басарлары менен жыйын өткөрдү.

Жыйынга Төраганын орун басарлары Нурбек Сыдыгалиев, Нурланбек Азыгалиев жана Жылдыз Садырбаева да катышты.

Алгач Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кезектеги сессия тууралуу сөз кылып, ага карата көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча маалымат алды.

“Быйыл парламенттин имаратында көптөгөн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, чоң жыйындар залы толугу менен жаңыланды. Ошондой эле Корея мамлекети менен жетишилген келишимге ылайык, жыйындардын жүрүшү санариптештирилип, заманбап техникалар менен жабдылууда. Бул Жогорку Кеңештин ишин жаңы багытта, жаңы форматта иштөөсүнө өбөлгө түзүшү керек. Андыктан Аппарат кызматкерлери аталган маселеге астейдил көңүл бурушу кажет”, – деди Төрага.

Андан тышкары, тармактык комитеттердин ишин күчтөндүрүү талабын койгон Нурланбек Тургунбек уулу: “Иштин натыйжалуулугун арттыруу үчүн мыйзам долбоорлоруна байланышкан талкуулар чоң жыйында эмес, тармактык комитеттерде болушу керек. Депутаттар сунуштарын комитеттин отурумунда берип, ошол жактан мыйзамдар толук иштелип чыкканда гана иштин сапатын көтөрүүгө болот. Андыктан, комитеттердин бөлүмдөрү тийиштүү документтерди сапаттуу түрдө, өз убагында даярдап берип турушу шарт”, – деди.

Муну менен катар жалпы мамлекеттин өнүгүшү парламенттин ишине түздөн-түз көз каранды экенин айткан Төрага: “Ал эми Аппараттын кесипкөй иши жалпы парламенттин сапаттуу иштешине көмөкчү болот. Ар бир бөлүм өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнүп, белгиленген милдеттерин өз убагында, так аткарышы керек”,– деп билдирди.

Мындан сырткары жыйында алдыда жасалчу иштердин планы талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.

Связанный пост